Индия Израиль менен курал келишимин жойду

Индия Израилдин Рафаэль коргонуу фирмасы менен түзгөн 500 миллион долларлык курал келишимин токтотту.

880928
Индия Израиль менен курал келишимин жойду

Индия Израилдин Рафаэль коргонуу фирмасы менен түзгөн 500 миллион долларлык курал келишимин токтотту. Израилдин «Едиот Ахронот» гезитинин кабарына караганда Рафаэль коргонуу фирмасынын башкаруусу Индия өкмөтүнүн мындан мурда кол коюлган жарым миллиард долларлык курал келишиминин жоюлгандыгы тууралуу расмий чечимди өздөрүнө билдиргендигин белгиледи. Маалыматта бул келишимдин Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяхунун бул айдын ортолорунда Индияга жасай турган 4 күндүк расмий сапарынан мурда жоюлушунун көңүл бураарлык экендиги баса белгиленди.

Рафаэль коргонуу фирмасы тарабынан чыгарылган ракеталар Индиянын өндүрүлүп жаткан алгачкы учак конуучу кемесинде колдонулат. Израиль акыркы учурларда Индияга курал берүүдө маанилүү өлкө болду жана эки өлкөнүн арасында миллиондогон долларлык курал келишимдерине кол коюлган. Апрель айында Индия менен Израилдин ортосунда орточо аралыктуу абадан кургактыкка атуучу ракета, ракета учуруучу рампалар жана байланыш технологиясын өткөрүү максатында эки миллиард долларлык аскердик келишимге кол койгон болчу.



Тектеш кабарлар