Франциянын президенти Макрон Ирандын президенти менен сүйлөштү

Эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүштү.

880657
Франциянын президенти Макрон Ирандын президенти менен сүйлөштү

Франциянын президенти Эмануэль Макрон Ирандын президенти Хасан Рухани менен телефондо сүйлөштү.

Элисей сарайынын билдирүүсүнө караганда, телефон сүйлөшүүсүндө Макрон Руханиге Иранда уланып жаткан нааразылык акцияларындагы жабырлануучуларга байланыштуу санааркап жатканын жана тынчтанууга чакырганын айтты.

Билдирүүдө Макрондун ирандык кесиптешине элдин ой-пикир жана митинг өткөрүү эркиндигине урмат сый көрсөтүлүшү керектигин айтканы белгиленди.

Эки президенттин ортосундагы телефон сүйлөшүүсүндө, Ирандын атомдук келишиминин да каралганы баса белгиленип, Макрондун бул келишимди колдогону, Руханинин да бул келишимде макулдашылган темаларга урмат сый көрсөтүлүшү үчүн эл аралык коомчулукка чакырык салганы айтылды.

Билдирүүдө айрыкча Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриандын ушул жуманын аягында Иранга пландаган сапарынын башка күнгө жылдырылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар