АКШ Түндүк Кореяга дагы катуу чараларды көрүү боюнча эскертти

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли, БУУнун Башкы борборунда өткөргөн маалымат жыйынында күн тартип тууралуу маалыматтандыруусун жасады.

880587
АКШ Түндүк Кореяга дагы катуу чараларды көрүү боюнча эскертти

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли, Түндүк Кореяга жаңы ядролук ракета сыноолоруна каршы дагы катуу чараларды көрүү темасында эскертти.

Хейли, БУУнун Башкы борборунда өткөргөн маалымат жыйынында күн тартип тууралуу маалыматтандыруусун жасады.

Жаңы ядролук ракета сыноолоруна каршы Пхеньянга дагы катуу чараларды көрүү темасында эскерткен Хейли, Пакистан тууралуу да , «АКШ бийлиги Пакистанга бериле турган 255 миллион доллардык жардамды токтотот. Пакистан көп жылдар бою эки тараптуу ойноду. Бир жагынан биз менен иштешти ,экинчи жагынан Ооганстандагы аскерлерибизге кол салган террористтерди баш калкалатты. Бул оюн кабыл алынгыс»,-деди.

АКШнын Кудусту «Израилдин борболр шаары» деп тааныганына БУУнун Коопсуздук кеңешинде жана БУУнун Башкы ассамблеясында каршы чыгылышынын эске салынганы боюнча Хейли, бул токтомдун АКШ калкынын талабы экенин айтты.

Хейли, Израиль жана Палестина маселесинде тынчтык процессине колдоо көрсөткөндөрүн, бирок Палестинанын сүйлөшүү үстөлүнө келбегенин айтып чыгып, «Палестиналыктар сүйлөшүү үстөлүнө кайра кайтууну кабыл алганга чейин (БУУнун Палестиналык качкындарга жардам мекемеси-UNRWA) жардамдарды бербейбиз»,-деди.



Тектеш кабарлар