Түндүк Корея менен АКШ ядролук согушка болуп көрбөгөндөй жакын

Американын АВС каналына маалымат берген АКШнын мурдагы башкы штаб төрагасы Майк Маллен,Түндүк Корея менен күчөгөн ядролук чыңалууга сереп салды.

880177
Түндүк Корея менен АКШ ядролук согушка болуп көрбөгөндөй жакын

АКШнын мурдагы башкы штаб төрагасы Майк Маллен, АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда ядролук согуш ыктымалдуулугунун ар дайым болгонунан жогору экенина айтты.

Американын АВС каналына маалымат берген Маллен, Түндүк Корея менен күчөгөн ядролук чыңалууга сереп салды.

«АКШ, Түндүк Корея менен ядролук согушка ар дайым болгонунан дагы жакын жана учурда бул маселеге дипломатиялык чечим табуу жолдорун көрө албай турам»,-деп айткан Маллен, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын катуу каяша айтышууларына токтолду.

Эки лидердин ортосундагы агрессивдүү мамилелердин жана айтымдардын көрмөксөнгө салына албай турганын белгилеген Маллен, Трамптын ядролук куралын күчтөнтүүгө аракет кылган Түндүк Кореяга карата үн катпай калбай турганын жактады.

АКШнын коргоо министри Жим Маттис жана Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Раймонд Макмастердин Түндүк Корея темасында Трампты ылайыктуу түрдө көндүрүүгө аракет кылганын айткан Маллен: «Санааркоом, бул абалдын канча убакка дейре улана турганы»,деген серебин салды.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, жаңы жылга карата сөз сүйлөөсүндө өлкөсүнүн ядролук жана ракеталык программасынан баш тартпай турганын белгилеп, ядролук кнопканын ар дайым үстөлүндө даяр турганын айткан.



Тектеш кабарлар