Трамптын Иран жөнүндөгү жаңы билдирүүсү

Трамп: «Эми өзгөрүү убагы келди»

879695
Трамптын Иран жөнүндөгү жаңы билдирүүсү

АКШнын президенти Дональд Трамп, Иран туурасында жаңы билдирүүсүн жарыялады.

АКШнын президенти Дональд Трамп Твиттерден бүгүн жарыялаган билдирүүсүндө, бир канча күндөн бери өкмөткө каршы нааразылык акциялары уланып жаткан Иранда өзгөрүүнүн убагы келгенин айтты.

Трамп: «Иран, Обама башкаруучулугу менен түзгөн келишимге карабастан бардык тармакта ийгиликсиз болууда. Иран элине көптөгөн жылдардан бери кысым көрсөтүлүп келе жатат. Тамак-аш жана эркиндик үчүн ачка турушат. Адам укуктары менен катар ирандыктардын байлыгы да таланып тонолду. Өзгөрүү убагы!»,-деп айтты.

Иранда өткөн бейшемби күнүнөн бери уланып жаткан өкмөткө каршы митингдерде 10дон ашуун киши каза болуп, көпчүлүгү Тегеранда жүздөгөн киши камакка алынды.



Тектеш кабарлар