Евробиримдиктин кезектеги төрагасы Болгария

Болгарияны орчундуу темалар күтүүдө.

879627
Евробиримдиктин кезектеги төрагасы Болгария

Европа Биримдигинин кезектеги төрагалык кызматын биримдиктин эң жакыр мүчөсү Болгария өткөрүп алды.

Болгариянын урааны «Биргеликте күчтүү бойдон калабыз»...

Англиянын бөлүнүү процессин да жүргүзө турган болушу жагынан Софиянын бул урааны өзгөчө мааниге эгедер.

Болгарияны бул 6 айлык мезгилде Брекситтен тышкары башка орчундуу темалар да күтүүдө.

Булардын башында баш калкалоочулар маселеси бар.

Жалпы коопсуздук маселеси жана кибердик коопсуздук, электрондук чөйрөдө байланыш, автордук укук жана жеке маселелерди камтыган санариптик экономика, Болгариянын кезектешкен төрагалыгында карала турчу берки темалар.

Болгария бир жагынан да Албания, Македония, Черногория жана Сербиянын талапкерлик процесстерин карап чыгат.

Болгариянын күн тартибиндеги негизги тема да Түркиянын 30 жылдан бери уланып келе жаткан толук мүчөлүк сүйлөшүүлөрү...

Болгариянын кезектешкен төрагалыгында Европа Биримдигинин Түркиянын толук мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнө карата жаңы перспектива киргизиши да күтүүлөрдүн арасында.

Европа кеңешинин кезектеги төрагалыгы мүчө өлкөлөрдүн ортосунда 6 ай сайын алмашып турат.

Кезектеги төрага өлкө Европа Кеңешинин жыйындарына жетекчилип кылып, Европа Биримдиги үчүн алдыңкы пландагы темалардын белгиленишин камсыздайт.

2018-жылдын экинчи жарымында Европа Биримдигинин кезектеги төрагалык кызматын Австрия өткөрүп алат.



Тектеш кабарлар