Түндүк Корея ядролук курал өнүктүрүүсүн алдыдагы мезгилде да улантат
Түндүк Корея алдыдагы мезгилде ядролук күчүн арттыруу ниетинде болгонун жарыялады.
![Түндүк Корея ядролук курал өнүктүрүүсүн алдыдагы мезгилде да улантат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/eb9c/3874/cbed/5a3cc1372fb1f.jpg?time=1718879832)
Түндүк Корея алдыдагы мезгилде ядролук күчүн арттыруу ниетинде болгонун жарыялады.
Түндүк Кореянын расмий агенттиги KCNAнын маалыматына караганда, «Паритиябыз жана мамлекетибиз, социалист Кореянын жаңы жылдын жолун белгилеп жатканда, алдыга карай принциптерин да жарыялоодо. АКШ жана анын кошоматчылары тарабынан ядролук коркунуч жана шантаждар уланган сайын Коргоо күчүбүздү жана өзөгү ядролук күчтөрдөн турган алдын алуучу чабуул жөндөмдүүлүгүбүздү арттырууну улантабыз»,деп жазылды.
3-сентябрда ишке ашкан суутек бомбасын сыноосунун ийгиликтүү болгонуна көңүл бурган жарыяда, Түндүк Кореяны «дүйнөлүк ядролук күч» деңгээлине жогорулаткан «улуу жеңиш» деп атады.
Анда айрыкча «Чучхе идеологиясына таянган Кореянын ядролук кылычын бекем кармоосу менен көз карандысыздыгын, адилеттикти жана тынчтыкты коргоосу аркылуу узап жаткан жылда дүйнөнү коркунучка салган ядролук согушка бөгөт кылынды»,делди.
Тектеш кабарлар
![Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/8087/bb25/775e/6673ea3f1f3ab.jpg?time=1718879833)
Россиянын президенти Владимир Путин Вьетнамда
Путинди борбор шаар Ханойдо Вьетнамдын президенти То Лам мамлекеттик салтанат менен тосуп алды.