Сирияда Касым бөбөктүн абалы

Керим бөбөктөн кийин 2 жаштагы Касым да ошол эле кыйынчылыкты жашап жатат.

878910
Сирияда Касым бөбөктүн абалы
suriye kasim bebek1.jpg

 Сириянын борбор шаары Дамаскта Асад режими блокадага алган  Чыгыш Гутанын символу болгон Керим бөбөктөн кийин 2 жаштагы Касым да ошол эле кыйынчылыкты жашап жатат. Абадан кол салууда оор жараланып энесинен ажыраган кичинекей Касым батыраак эвакуацияланып дарыланууга алынууну күтүүдө. Хаммурийе аймагын 3 -  декабрда аткылаган режим учагы Касымды энесинен ажыратты.

Энесиз калган Касым болсо мурду жана оозунан абдан оор жараланды. Акыл  - эсин жоготкон Касым 2 күн жандандыруу бөлмөсүндө жатты. Ээги, оозу жана мурдунда жыртык жана сыныктар болгон бала абдан кыйынчылык менен тамактанууда.   Атасы Мухаммед Кахвежи тамактарды чайнай албаган баласын мурду аркылуу суюк тамактар менен тамактандырууда.

Касым да башка балдардай эле толугу менен камсыздалган бир ооруканада дарылануу үчүн Чыгыш Гутадан чукул түрдө эвакуацияланууну күтүп жатат. Касымдын атасы президент Р. Т. Эрдогандын чыгыш гуталык балдардын жанында экендигин белгилеп Түркиядан жардам сурады. Касымдын дарыгери Эбу Осман да баланын оозу, ээги жана мурдундагы талкалануу менен бирге  баш сөөгүнө кирип кеткен сыныктын бар экендигин айтты.

Эбу Осман эң аз 650 оорулуунун чукул түрдө эвакуцияланышы керектигин белгилеп, көп сандаган жарандын дарысыздыктан каза болгондугун эске салды.

Чыгыш гуталык Керим бөбөк да Асад режиминин бир жарым ай мурда жасаган кол салуусунда энеси менен сол көзүнөн ажыраган болчу. Баланын абалы тууралуу Анадолу агенттиги тарабынан кабарланып жана фотографияларынын жарыяланышы менен Түркия жана дүйнөдө, социалдык медиада 5 миллиондон ашуун кабар бөлүшүлгөн. Бирок Керим жоготкон көзүндөгү ириңдин башка көзүнө өтүшү менен оң көзүн да жоготот.



Тектеш кабарлар