Думадан түрк калкына жаңы жылдык куттуктоо
Орусия парламентинин астыңкы канаты Думадан түрк калкына жаңы жылдык куттукттоо билдирилди.
Орусия парламентинин астыңкы канаты Думадан түрк калкына жаңы жылдык куттукттоо билдирилди.
Орусия – Түркия парламенттарлар аралык достук группасынын төрага орун басары Дмитрий Савельев Думанын атынан президент Р. Т. Эрдоган жана бардык түрк калкын жаңы жыл менен куттуктады.
Савельев куттуктоосунда : «Урматтуу президент! Сизди жана түрк калкын жаңы жыл менен чын жүрөктөн куттуктайм. Артта калган жыл өлкөлөрүбүз үчүн достук карым – катнаштарын күчтөнткөн, өлкөлөрүбүздүн глобалдык аренадагы абалы күчтөнгөн жыл болду»,- деди.
Орусия жана Түркиянын бардык деңгээлде таасирдүү өкмөттөр аралык кызматташтык үлгүсүн көрсөтүп, аймактагы эң кыйын маселелерге ийгиликтүү чечүүчү жол тапкандыгын айткан Савельев : «Сиздин талашсыз саясий кадыр - баркыңыз жана күчтүү башкарууңуз дос өлкө Түркиянын алдыбыздагы жылы жетише турган жаңы жеңиштердин пайдубалын түптөйт. Сизге жана түрк калкына бекем ден соолук, бакыт жана бейкуттук каалаймын»,- деди.