Трамп Түндүк Корея тууралуу Кытайга каршы чыкты
АКШнын президенти Дональд Трамп : «Кылмыш үстү кармалдыңар»,- деди.
АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын Түндүк Кореяга нефть киришине урксат бергендигин айтып : «Кылмыш үстү кармалдыңар»,- деди. Трамп твиттер эсебинен берген маалыматында Кытайды бутага алды. Трамп : «Кылмыш үстү кармалдыңар. Кытайдын Түндүк Кореяга нефть киришине уруксат беришинен тынчсыздандым. Бул улантыла турган болсо Түндүк Корея маселесин достчо чечүү мүмкүн эмес»,- деди.
Дональд Трамп өткөн айда Кытайга жасаган сапарында Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен Түндүк Корея сөз болгон сүйлөшүү өткөргөн болчу. Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин Трамп менен өткөргөн пресс - жыйында : «Түндүк Корея маселесинин диалог жана сүйлөшүү жолу менен чечилишинде макулдаштык жана ушунун негизинде орток аракет кылабыз»,- деген.
Трамп да ошол эле пресс - жыйында Түндүк Корея тууралуу Кытай менен бирдей ойдо экендигин айтып : «Тилекке каршы мындан мурунку өкмөттөрүбүз АКШ - Кытай карым – катнаштарынын текшерүүдөн чыгышына себеп болду. Бирок мен эки өлкөнүн ортосундагы тең салмаксыздыктарды калыбына келтирип эки тараптын кызыкчылыгы үчүн иштеймин»,- деген болчу.