Кабулда катуу жардыруу болду

Кабулда шииттердин маданият борборуна жан кечтилик кол салуу болду.

877664
Кабулда катуу жардыруу болду

Ооганстандын борбор шаары Кабулда, шииттердин маданият борборуна жан кечтилик кол салуу болуп алгачкы белгилөөлөргө караганда кеминде 40 киши каза тапты, 30дан ашуун киши жаракат алды.

Ички иштер минстрлигинин катчысы Насрат Рахими Пажвок,  Afghan Newsке берген маалыматында каза болгондордун көбүнүн жаран экенин айтты. Кол салуудан курман болгондордун көбөйүшү санааркатып жатат.

Ооганстанда октябрь айында шииттердин бир мечитине да жан кечтилик кол салуу болуп ондогон киши каза тапкан.



Тектеш кабарлар