АКШда катуу суук

Чикагодо абанын температурасы -20 градуска чейин төмөндөдү.

876576
АКШда катуу суук

Акыркы жылдардын эң суук күндөрүн өткөрүп жаткан АКШнын Чикаго шаарындагы адамдар суукта тоңуу коркунучуна каршы эскертилди.

Жаңы жылдын алдында калың кар жааган Иллинойс штатына караштуу Чикагодо абанын температурасы -20 градуска чейин төмөндөдү.

Катуу сууктан улам шаардын көптөгөн жеринде «жылытуу борборлору» ишке киргизилди.

Жооптуу кызматкерлер чикаголуктарды 30 мүнөттөн ашык тышта калбагыла деп эскертишти.

Бир жума бою таасирдүү болушу күтүлгөн суук абадан Мичиган көлүнүн айрым жерлери тоңуп калды.



Тектеш кабарлар