Орусия Сирияда аскердик базасын орното баштады

Эки аскердик база туруктуу бойдон калат

875939
Орусия Сирияда аскердик базасын орното баштады

Орусиянын Коргоо министрлиги, Сириядагы туруктуу эки аба базасын орното баштады.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, Тартус жана Хмеймимде бир-берден аскердик базанын орнотолушун баштагандарын жана бул базалардын туруктуу бойдон калаарын айтты.

Шойгу: «Өткөн жумада башкы командир (Владимир Путин) Тартус жана Хмеймимдеги жайгаштыруу жерлеринин түзүлүшүн жана кызматкер тобун бекитти. Учурда аскердик бөлүктөрдү түзө баштадык»,-деди.

Орусия 2015-жылдын 30-сентябрынан бери улантып келе жаткан Сириядагы операцияларын аяктады жана өлкөдөгү күчтөрүнүн чоң бөлүгүн чыгарып кетти.



Тектеш кабарлар