Ирак Кытай нефть фирмасы менен келишимге кол койду

Экономикасы толугу менен нефтиге таянган Ирак өндүргөн күнүмдүк 4, 5 миллион баррель нефтинин 3, 5 миллион баррелин экспорттоп жатат.

876214
Ирак Кытай нефть фирмасы менен келишимге кол койду

Ирак нефть министри Жеббар Луайди борбор шаар Багдаттагы министрликте өткөргөн пресс – жыйынында : «Багдаттагы нефть иштетип чыгууну өнүктүрүү менен күнүгө 40 миң баррель нефть өндүрүү көлөмүнө жетиши үчүн Кытай Junhua нефть фирмасы менен 5 жылдык келишимге кол койдук»,- деди.

Кытай фирмасынын нефть чыккан аймакта өзгөчө отурукташуу жерин да курары туурауу маалымат берген ирактык министр муну менен бирге мед пунктунун да ошол эле фирма тарабынан куруларын белгиледи.

Луайби  нефть иштетип чыгууну өнүктүрүү тууралуу жумуш күчүнүн 50 пайызынын Ирактан камсыздаларын айтты. Экономикасы толугу менен нефтиге таянган Ирак өндүргөн күнүмдүк 4, 5 миллион баррель нефтинин 3, 5 миллион баррелин экспорттоп жатат.

 



Тектеш кабарлар