Япониянын тышкы иштер министри Палестинада

Аббас Коно менен Палестина жана аймакта болуп жаткан акыркы абалдарды сүйлөштү.

875746
Япониянын тышкы иштер министри Палестинада

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас Япониянын тышкы иштер министи Таро Коно жана коштоосундагы делегацияны Рамаллахтагы президенттик имаратында кабыл алды.

Палестина кабар агенттиги WAFAга берген маалыматына ылайык Аббас Коно менен Палестина жана аймакта болуп жаткан акыркы абалдарды сүйлөштү. Аббас Япониянын БУУнун Жалпы Кеңешинде Кудус долбоорун жактаган добуш беришин, Палестина экономикасы жана мекемелеринин курулушуна берген колдоону мактады.  Аббас Палестина башкаруусунун Япония менен карым – катнаштарын күчтөндүрүүнү каалагандыгын белгиледи.

Таро болсо Палестина менен Израилдин ортосундагы эки мамлекеттүү чечүүчү жолдун негизиндеги саясий процессти колдошкондорун айтты жана Палестина калкына экономикалык колдоолорунун улантыларын баса белгиледи.

Япониянын тышкы иштер министри Палестина, Израиль, Иордания, Умман жана Түркияны камтыган 6 күнгө созула турган Жакынкы Чыгыш турун мурунку күнү баштаган.

АКШнын президенти Дональд Трамп 6 -  декабрда Ак үйдө өткөргөн пресс жыйынында Кудусту Израилдин борбор шаары катары тааныгандыгын жана Америка элчилигин Тель Авивден  Кудуска көчүрүү жолдомосун бергендигин билдирген болчу.

Түркиянын демилегси менен даярдалган жана Трамптын Кудус чечимин сынга алган чечим долбоору БУУнун Жалпы Кеңешинде АКШнын коркутууларына карабастан 9га каршы 128 добуш менен кабыл алынган болчу. Добуш берүүдө 35 өлкө арсар болду.

 

 



Тектеш кабарлар