Украинанын премьер - министринин котормочусу орус тыңчысы

Премьер  - министр Владимир Гройсмандын котормочусу Станислав Ежов Орусия тыңчысы.

873901
Украинанын премьер  - министринин котормочусу орус тыңчысы

Украинада өкмөт үчүн котормочулук кылган, премьер  - министр Владимир Гройсмандын өлкө тышындагы саякаттарында котормочулук кылган Станислав Ежов Орусия үчүн тыңчылык кылуу менен күнөөлөндү. Ежов шаршемби күнү борбор шаар Киевде камоого алынды.

Украина коопсуздук кызматынан берилген маалыматта «жогорку деңгээлдеги  котормочунун» узун убакыттуу бир милдеттендирүү учурунда Орусия тарабынан тыңчы катары дайындалгандыгы жана өкмөт иштери тууралуу маалымат чогулткандыгы белгиленди. Коопсуздук кызматы Ежовдун атын бербесе да ички иштер министри  Антон Герашенко бул кишинин Ежов экендигин жана эң аз эки жылдан бери Орусия атайын күчтөрү үчүн иштегендигин айтты. Герашенко Ежовдун бир канча жыл мурда АКШдагы Украина элчилигинде кызмат кылып Орусия үчүн иштей баштагандыгын белгиледи. Ежовдун үйүндө Орусияга маалымат берүү үчүн атайын каражаттардын табылгандыгы да билдирилди. Ежов премьер  - министр Гройсмандан мурда мурунку президент Виктор Януковичке котормочулук кылган.



Тектеш кабарлар