Ким Чен Ын: «Эл аралык коомчулук Трамптын чыныгы жүзүн көрүшү керек»

Трамп Корея жарым аралында ядролук согуш чыгарууну пландап жатат

873780
Ким Чен Ын: «Эл аралык коомчулук Трамптын чыныгы жүзүн көрүшү керек»

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, өлкөсүнүн АКШга күчтүү ядролук коркунуч экенин эч кимдин тана ала албай турганын айтты.

KCNA агенттигинин кабарына караганда, Ким Чен Ын Эмгекчилер партиясынын жыйынындагы сөз сүйлөөсүндө, Түндүк Кореяны «АКШга күчтүү ядролук коркунуч жараткан стратегиялык өлкө» деген сөздөрү менен сыпаттады жана эч кимдин муну тана албай турганын белгиледи.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги да, АКШнын жарыялаган Улуттук коопсуздук стратегиясын катуу сөздөр менен сынга алды.

Министрликтин билдирүүсүндө, АКШнын Түндүк Кореянын ядролук жана ракеталык коркутууларына каршы «басымдуу күч» менен жооп берүүгө даяр экени баса белгиленген стратегиясынын «Трамптын күнөөкөр экендигинин» документи экени айтылды.

Билдирүүдө: «Эл аралык коомчулук, Трамптын Корея жарым аралында ядролук согуш чыгарууну пландап жатканын билиши керек. Жаман ниеттерин жана дүйнө жүзүн кандай шылдыңдап жатканын жаап-жашырууну максаттаган Вашингтондун диалог сунушунун артында турган (Трамптын) чыныгы жүзүн да көрүшү керек»,- деген сөздөр орун алды.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы да АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиясынын ачык түрдө «Вашингтондун Түндүк Кореяга кол салуу ниетин» ортого салганын айтты.



Тектеш кабарлар