Европа Биримдигинен Асад режимине айыптоо

Европа Биримдиги Сириянын борбор шаары Дамаскта Асад режиминин блокадасы астындагы Чыгыш Гута аймагында болгон кол салууларды айыптады.

873898
Европа Биримдигинен Асад режимине айыптоо

 Европа Биримдиги Сириянын борбор шаары Дамаскта Асад режиминин блокадасы астындагы Чыгыш Гута аймагында болгон кол салууларды, улантылып жаткан курчоо жана жалпы өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушун айыптады.

Европа биримдигинин тышкы карым – катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Федерика Могерини берген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Европа Биримдиги Сирияда курчоого алуу сыктуу шарттарда жашаган 1, 3 миллиондон ашуун кишинин абалынан жана жалпы өлкөдө 13, 1 миллион жардамга муктаж кишиге жардам берилбеши чоң тынчсыздануу жаратууда»,- деди.

Асад режимине өлкөдө дароо жардам таркатуу жана медициналык жардамдын көрсөтүлүшүнө чакыруу салынып : «Сирияда согуштун бүтүшү алыс көрүнөт. Европа Биримдиги Сириядагы системалуу, кенен жайылган жана оор адам укуктарын бузууну, жакынкы учурда ишке ашкан кол салууларды жана Чыгыш Гутада улантылып жаткан курчоону катуу айыптайт»,- деп айтылды. Маалыматта Асад режиминин Чыгыш Гутага карата гуманиатрдык жардамга жана медициналык жардамдарга тоскоол болушу ачык түрдө эл аралык укук жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдеринин бузулушу экендиги баса белгиленди. Сирияда туруктуу чечүүчү жолдун табылышы үчүн БУУнун жол башчылыгындагы Женева процессинин мааниси баса белгиленген маалыматта Асад режиминин сүйлөшүүлөрдүн алдыга жылышына  тоскоол болгондугу белгиленди.



Тектеш кабарлар