Добушка коюунун жыйынтыгы Палестина үчүн жеңиш болуп саналат

АКШнын Кудус токтомун жокко чыгарууну көздөгөн долбоор БУУнун Башкы Ассамблеясында добушка коюлду

873426
Добушка коюунун жыйынтыгы Палестина үчүн жеңиш болуп саналат

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас БУУнун Башкы Ассамблеясынын, АКШнын Кудус токтомун жокко чыгарууну көздөгөн долбоорду добушка коюшунун жеңиш экенин айтты.

Махмуд Аббас: «Добушка коюунун жыйынтыгы Палестина үчүн жеңиш болуп саналат»,- деп билдирди.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху болсо БУУда 128 добуш менен кабыл алынган Кудус токтомунан кийин жарыялаган билдирүүсүндө: «БУУнун чечимин четке кагып, АКШнын президенти Дональд Трампка ырахмат айтабыз»,-деди.

Дональд Трамп 6-декабрда Кудусту Израилдин борбор шаары деп жарыялаган болчу.

Трамптын Кудус токтомун сынга алган мыйзам долбоору кечээ БУУнун Башкы Ассамблеясында АКШнын коркутууларына карабастан 9 каршы, 128 макул добушу менен кабыл алынды.



Тектеш кабарлар