Түштүк Кореяда өрт чыкты

Өрттөн 16 киши көз жумуп, 10 киши жаракат алды

873108
Түштүк Кореяда өрт чыкты

Түштүк Кореядагы бир спорт залда чыккан өрттөн 16 киши каза болду.

Йонхап маалымат агенттигинин кабарына караганда, өлкөнүн түштүгүндөгү Чечхон шаарында 8 кабаттуу спорт залда өрт чыкты.

Жооптуу кызматкерлер, имараттын эң астыңкы кабатындагы авто бекеттеги унаада башталган тилсиз жоонун кыска убакыттын ичинде үстүңкү кабаттарга жайылганын белгилешти.

Өрт өчүрүүчү кызматкерлер, тилсиз жоонун себебинен 2-кабаттагы саунада 16 кишинин көз жумганын, 10 кишинин жаракат алганын билдиришти.



Тектеш кабарлар