Түндүк кореялыктар Түштүк Кореяга качууда

Түндүк Кореядан качкандардын көбү Түштүк Кореяга Кытай аркылуу өтөт

872962
Түндүк кореялыктар Түштүк Кореяга качууда

Түндүк кореялык бир аскер, аскерден арылтылган аймактан өтүп Түштүк Кореяга качты.

Быйыл Түштүк Кореяга качкан 4-аскер болгон бул киши, суракка алынышы үчүн камоого алынды.

Түштүк Кореянын армиясынын билдирүүсүнө караганда жергиликтүү убакыт боюнча эртең менен саат 08:00де чек арадан жөө басып өткөн аскер текшерүүчү пункт орун алган тумандуу аймакта көрүндү.

Качкан аскерди издеген Түндүк Кореянын армиясынын сакчылары чек арага жакындаганы боюнча Түштүк Корея эскертүүчү ок атты.

Чек арадан өткөн аскер, быйыл Түндүк Кореядан Түштүк Кореяга качкан 4-аскер болду. Түштүк Кореянын улуттук агенттиги KBSтин берген маалыматына караганда бүгүн эртең менен качкан аскер чек аранын Ганвон провинциясынан өттү жана суракка алынышы үчүн камоого алынды.

Түндүк менен Түштүктүн ортосундагы аскерден арындырылган аймак, дүйнөнүн эң тыгыз корголгон чек ара аймактарынан бири. Чек араны бойлой тикенек зымдар тартылып жана миналар көмүлгөн.

Түштүк Корея бүгүн жарыялаган берки маалыматында да эки түндүк кореялык балыкчынын яхталары менен Түштүк Кореянын жээк сууларына өтүп качканын жарыялады. Түндүктөн жыл сайын орто эсеп менен миң киши Түштүк Кореяга качат, бирок абдан азы аскерден арылтылган аймактан өтүүгө аракет кылат. Түндүк Кореядан качкандардын көбү Түштүк Кореяга Кытай аркылуу өтөт.  Сеул өкмөтүнө караганда 1953-жылдан бери 30 миңден ашык Түндүк Кореянын атуулу Түштүк Кореяга качты.



Тектеш кабарлар