Кытай менен Өзбекстандын ортосунда аскердик кызматташуу

Кытайдын коргоо министри Өзбекстанда

873151
Кытай менен Өзбекстандын ортосунда аскердик кызматташуу

Кытай мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, коргоо министри генерал-лейтенант Чан Ванцюань расмий сапар менен Өзбекстанга барды.

Коргоо министри Ванцюань, Өзбекстандын президенти Шафкат Мирзиеев тарабынан кабыл алынды.

Президенттиктин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, жолугушууда Мирзиеев ар кайсы тармактарда эки тараптуу карым-катнаштардын жана өз ара аракеттенүүнүн кеңейтилишине, Өзбекстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүүсүнө чоң өлчөмдө колдоо көрсөтүлгөнүнө ыраазычылыгын билдирди.

Жолугууда аскердик жана коргоо тармактарындагы кызматташуунун абалы каралып, аймактык коопсуздук жана ыраттуулукка байланыштуу учурдагы маселелер сүйлөшүлдү.

Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн күчүн жана коргонуу потенциалын арттырууга карай өлкөдөгү реформаларга жана өнүгүүлөргө баа берген Кытайдын коргоо министри, өлкөсүнүн аскердик жана коргоо тармагында эки тараптуу кызыкчылыктарга негизделген кызматташууга даяр экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар