Түндүк Корея баллистикалык ракеталарына күйдүргү вирусун коюуда

Бул боюнча «Asahi» гезити жазып чыкты

872504
Түндүк Корея баллистикалык ракеталарына күйдүргү вирусун коюуда

Түндүк Кореянын континенттер аралык баллистикалык ракеталарына өлтүрүүчү күйдүргү вирусун койгону айтылууда.

Япониялык «Asahi» гезити Түштүк Кореядагы маалымат булактардан алып берген кабарында, Пхеньян башкаруучулугунун континенттер аралык баллистикалык ракеталарына өлтүрүүчү күйдүргү вирусун коюп, сыноолорун баштаганын жазып чыкты.

Бүгүн жарыяланган кабарда 7 миң °C  температурага чейин жеткен ракетада, күйдүргү вирусунун жок болуп же болбогонунун текшерилгени белгиленди.

Дүйшөмбү күнү жаңы улуттук коопсуздук стратегиясын жарыялаган Ак үй, Түндүк Кореянын атомдук, химиялык жана биологиялык куралдарды өндүрүүгө аракет кылганын айткан болчу.

«Asahi» гезити, Түндүк Кореянын күйдүргү боюнча изилдөөлөрүн Вашингтондун билгенин белгиледи.

Буга чейин да Түштүк Корея Түндүк Кореянын колунда 2 миң 500дөн 5 миң тоннага чейин химиялык курал бар экенин билдирген эле.



Тектеш кабарлар