АКШ орусиялык ишканаларды кара тизмеге киргизди

Бул эки орус ишканасынын АКШнын улуттук кызыкчылыктарына коркунуч туудурганы айтылууда

872096
АКШ орусиялык ишканаларды кара тизмеге киргизди

АКШнын Соода министрлиги, коргоо өнөр жайы тармагында кызмат көрсөткөн эки орус компаниясын кара тизмеге киргизди.

Санкциялардын тизмесине киргизилген компаниялардын NPO Novator долбоорлоо кеңсеси менен Титан-Баррикада федералдык изилдөө жана өндүрүү борбору экени белгиленди.

АКШнын Соода министрлигинин билдирүүсүндө: «Бул ишканалар, Орто жана кыска аралыкка атуучу ракеталарды жок кылуу келишиминин алкагында тыюу салынган круиз ракета системаларын Орусиянын Коргоо министрлиги үчүн өндүрүүдө»,- деп айтылды.

Кара тизмеге киргизилген ишканалардын технологияларына, АКШдагы компоненттер колдонулган учурда экспорттоого тыюу салынууда.

Бул эки орус ишканасынын иштеринин АКШнын улуттук кызыкчылыктарына коркунуч туудурганы айтылууда.



Тектеш кабарлар