Орусиядан АКШнын жаңы стратегиясына жооп

Орус президенттигинин катчысы Дмитрий Песков өлкөсү тууралуу  АКШ үчүн коркунуч туудурууда деген сөздөрдү кабыл албай тургандыгын белгиледи.

871692
Орусиядан АКШнын жаңы стратегиясына жооп

Орус президенттигинин катчысы Дмитрий Песков өлкөсү тууралуу  АКШ үчүн коркунуч туудурууда деген сөздөрдү кабыл албай тургандыгын белгиледи.

АКШнын президенти Дональд Трамп билдирген коопсуздук стратегия документинде Орусия менен Кытайдын «АКШ баалуулуктарына каршы чыккан атаандаштар» катары көрсөтүлүшүнө жооп берген Песков : «Стратегия документинде өлкөбүздүн аты аталган бөлүмдө, бул документтин императорлук мүнөздөрүнө ээ экендигин, бир уюлдуу тартиптен баш тартуу тууралуу каалоосуздугу жана көп уюлдуу дүйнөнүн кабыл алынбагандыгын көрсөтүүдө»,- деди. Муну менен бирдикте стратегиялык документинде оң каралган жерлердин бар экендигин да белгилеген Песков өзгөчө Вашингтон башкаруусунун АКШ калкынын кызыкчылыктары менен дал келген жерлерде Орусия менен кызматташтыкка даяр болушу булардын бири экендигин айтты.

«Бул Орусиянын президенти В. Путиндин мамилеси менен толугу менен дал келип жатат. Бирок Москва да биздин кызыкчылыгыбыз болгон жерлерде Вашингтон менен кызматташтык түзүү ичинде»,- деген Песков АКШнын Борбордук кабар алуу уюму CIAдин Санкт Петербургда өткөрүлүшү пландалган террордук кол салууга тоскоол болгон чалгындоо кабарын мындай кызматташтыктын идеалдуу үлгүсү катары көрсөттү.



Тектеш кабарлар