АКШ Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарына каршы F-35 согуштук учактарын колдонот

АКШ сыноолорду өткөрдү

871326
АКШ Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарына каршы F-35 согуштук учактарын колдонот

АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы континенттер аралык баллистикалык ракета чыңалуусу уланып жатканда, АКШнын Ракетадан коргонуу агенттиги бешинчи муундагы F-35 согуштук учактарын континенттер аралык баллистикалык ракеталарга каршы колдонуу үчүн сыноолорду өткөрдү.

Американын маалымат каражаттарында орун алган кабарларда, коргоо ишканасы Нортроп Груммандын Мэриленд штатындагы кеңсесинде өткөрүлгөн жыйында, 2014-жылы АКШнын Ракетадан коргонуу агенттиги өткөргөн сыноонун видеолорунун көрсөтүлгөнү белгиленди.

Кабарларда 2014-жылдын октябрь айында өткөрүлгөн сыноодо F-35 согуштук учагынын ар кайсы багыттарына жайгаштырылган 6 DAS (Distributed Aperture System) деп аталган инфракызыл электро-оптикалык сенсорлордун баллистикалык ракеталарды да жок кылып же кылбай турганынын текшерилгени билдирилди.

DAS деп аталган сенсор системасы, пилоттордун шлемдерине жайгаштырылган көрсөткүчтөрдөн 360 градус айланасындагы учак же ракеталарды аныктай алышына жарайт.

АКШнын ракеталык коргонуу системалары сыноолордо ийгиликтүү болсо да континенттер аралык баллистикалык ракеталарды таамай ата алаарынын шек туудурганы айтылууда.

АКШнын Коргоо министрлиги Түндүк Кореянын континенттер аралык баллистикалык ракеталарын учурулгандан кийин асманга көтөрүлүү учурунда атып түшүрүлүшүнүн эң жакшы альтернатива экенин ойлосо да Түндүк Кореянын абадан коргонуу системаларынын мындай мүмкүнчүлүктү бербей турганы белгиленүүдө.

Ошондуктан Пентагондун келечекке карай пландарды сынаганы айтылып жатат.



Тектеш кабарлар