Кудус жана Газа митингдеринде 3 киши каза тапты

Израиль аскерлеринин Кудус жана Газа чек арасында өткөрүлгөн Кудуска колдоо митингдерине карата кийлигишүүдө бирөөсү майып болгон 3 палестиналык каза болуп, 5 киши оор болгон 82 киши жараланды.

869571
Кудус жана Газа митингдеринде 3 киши каза тапты

  Израиль аскерлеринин Кудус жана Газа чек арасында өткөрүлгөн Кудуска колдоо митингдерине карата кийлигишүүдө бирөөсү майып болгон 3 палестиналык каза болуп,  82 киши жараланды.

Газадагы саламаттыкты сактоо министрлигинин катчысы Эшреф ел  -  Кудра : «Израиль аскерлеринин Газанын чек ара аймактарында уюштурулган митингдерге кийлигишүүсүндө Ясир Суккар, Ибрахим Эбу Сүреййа  аттуу эки палестиналыктын  каза болгондугун, 82 кишинин жаралангандыгын анын ичинен 5 кишинин абалынын оор экендигин белгиледи.

Израиль полициясы Кудуста жума намазынан кийин митинг өткөргөн жамаатка каршы калемпир газын колдонду. Газанын чыгышындагы Кудуска колдоо митингине катышкан көп сандаган палестиналык жаштар Израиль менен Газаны бөлгөн чек арага карай жүрүштү.

Израиль аскерлери өздөрүнө таш ыргыткан палестиналыктарга пластикалык жана чыныгы ок менен көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Израиль аскерлери басып алган Чыгыш Кудусту бөлгөн дубалдын аркы жагында калган Аната аймагында митингге чыккандарга каршы кийлигишүүдө бир палестиналык каза болду.

Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Израиль аскерлери Аната аймагында митингчилерге кийлигишүү учурунда чыныгы ок колдонулду. Маалыматта бул кол салууда көкүрөгүнөн оор жараланган Басил Мустафа Исмаил аттуу палестиналыктын  жаткырылган ооруканада каза тапкандыгы белгиленди. Камоого алынган кудустуктардын үй  - бүлөлөрү комитетинин төрагасы Эмжед Эбу Асаб да Акса мечитинде окулган жума намазынан кийин Израиль полициясы менен палестиналыктардын арасында кагылышуунун чыккандыгын айтты. Эбу Асаб кагылышуу учурунда 4 палестиналыктын камоого алынгандыгын белгиледи. Бир тараптан басып алынган Чыгыш Кудустун Исевиййе аймагында да Кудуска колдоо митингдеринин улантылып жаткандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар