Су-34 учактары Орусияга кайтты
Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Су-34 учактарынын өлкөгө кайтканы белгиленди
868296
Сириядагы кызматтарын аяктаган Су-34 учактары Орусияга кайтты.
Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Су-34 учактарынын өлкөгө кайтканы белгиленди. Билдирүүдө: «Су-34 бомбардир учактарынын экипажы Хабаровск аймагындагы туруктуу базасына кайтты. Пилоттор Сириядагы кызматтарын ийгиликтүү орундаткандан кийин Хмеймим базасынан кайтып келишти»,- деген сөздөр орун алды.
Билдирүүдө канча учактын кайткандыгы жөнүндө маалымат берилген жок.