Кувейт Палестинада өз элчилигин ачат

Рамаллах шаарында элчилик ачылуусу үчүн аракеттердин уланганы белгиленди

868147
Кувейт Палестинада өз элчилигин ачат

Кувейттин Палестинада өз элчилигин ачуу үчүн иш-аракеттерин улантып жатканы билдирилди.

Кувейттин тышкы иштер министринин орун басары шейх Насыр Мухаммед эс-Сабах, Бахрейндин Улуттук майрамынан улам Бахрейндин Кувейттеги элчилигинде өткөрүлгөн сый кечедеги кыскача билдирүүсүндө, Палестина башкаруучулугу менен Батыш Шерианын Рамаллах шаарында элчилик ачылуусу үчүн аракеттеринин уланганын белгиледи.

Шейх Насыр бул боюнча кеңири маалымат берген жок.

Орто эсеп менен 50 мамлекеттин басымдуу түрдө Батыш Шерианын Рамаллах, Эль-Бир жана Бейтуллахим шаарлары менен Кудус жана Газада өз элчилик, консулдук же өкүлчүлүктөрү бар.



Тектеш кабарлар