Батыш Шериа менен Газадагы митингдерде 124 палестиналык жараланды

Израиль аскерлеринин Батыш Шериа, Иерусалим жана Газа чек арасындагы митингдерге кийлигишүүсүндө 124 киши жараланды.

867582
Батыш Шериа менен Газадагы митингдерде 124 палестиналык жараланды

АКШнын Иерусалимди «Израилдин борбор шаары» катары таануу чечимине каршы чыгуу үчүн өткөрүлгөн митингдердин бешинчи күнүндө Израиль аскерлеринин Батыш Шериа, Иерусалим жана Газа чек арасындагы митингдерге кийлигишүүсүндө 124 киши жараланды.

Палестина Кызылайынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Израиль күчтөрүнүн палестиналык митингчилерге карата чыныгы жана пластикалык ок колдонгон кийлигишүүсүндө Газа чек арасында 28, Иерусалим жана Батыш Шерианын түрдүү аймактарында болсо 96 палестиналыктын жаралангандыгы белгиленди.

Бир тараптан көздөн жаш агызуучу газ колдонуудан улам Батыш Шериа жана Иерусалимде 60, Газада 19 кишинин уулануу коркунучун өткөргөндүгү билдирилди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди «Израилдин борбор шаары» катары тааныган шаршемби  күндөн бери башта басылып алынган Чыгыш Иерусалим болуу менен Батыш Шерианын түрдүү жерлеринде жана Газа чек арасында митингдерди өткөргөн палестиналыктарга Израиль коопсуздук күчтөрүнүн кийлигишүүсүндө жүздөгөн палестиналык жараланды.

 



Тектеш кабарлар