Түндүк Корея менен АКШнын согуш сценарийи

Жеффри Левис, Корея Жарым аралындагы согуштун ыктымалдуу башталуу сценарийин жазып чыкты.

866966
Түндүк Корея менен АКШнын согуш сценарийи

«Жеймс Мартин» атындагы куралдардын жайылуусуна бөгөт болууну изилдөө борборунун Чыгыш Азия программасы боюнча директору Жеффри Левис, Корея Жарым аралындагы согуштун ыктымалдуу башталуу сценарийин жазып чыкты.

Левис, «The Washington Post» үчүн жазган макаласында окуялардын мындай боло турганын белгиледи: «2019-жылдын март айында чек араларына жакын жердеги тынымсыз маневрлардан тажаган түндүк кореялыктар жаңылыштык менен жарандык учакты Американын бомбардир учагы экен деп ойлоп атып түшүрүшөт. Буга жооп иретинде Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин, чек ара аймактагы буталарга чабуул коюу буйругун берет. Ошол эле учурда АКШнын президенти Дональд Трамп, Твиттер эсебинен жазган жарыясында, «Кичине ракета адам көпкө чейин туруштук бере албайт»,дейт. Пхеньян бул айтымдарды түздөн-түз коркунуч жана алдын алуучу ядролук кол салуу үчүн белги деп түшүнөт. Түндүк Кореянын колундагы 48 ракетадан 36сы учурулат. Бир бөлүгү бутасына жетпесе дагы бир бөлүгү Түштүк Корея менен Японияга чоң сокку урат. Бир тараптан АКШ, Түндүк Кореяга карай күчтүү чабуул баштайт. Ким Чен Ын да колунда калган ракеталарын учуруу буйругун берет. Сен-Диего жана Перл-Харбор аскердик базалары менен Нью-Йорк жана Вашингтон кол салууга учурайт. Ракеталардын үчтөн экиси АКШнын абадан коргонуу сестемасынын ракета калканынан өтүп кетет. Манхэттенге таамай тийгенинин себебинен 1 миллиондон ашык киши каза табат. Вашингтондо курман болгондордун саны 300 миң кишиге жетет. Трамп, Флоридадагы баш калкалоочу жерге жашынып өз жанын куткарып калат. Ким Чен Ындын сөөгү да баш калкалоочу жайда белгиленип, Түндүк Корея лидеринин өз жанын кыйганы түшүнүктүү болот».



Тектеш кабарлар