Орус аскерлери Сириядан чыга баштады

Путин Сириядан орус аскерлерин чыгара баштоону буйрук кылды

866404
Орус аскерлери Сириядан чыга баштады

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, орус аскерлеринин Сириядан чыгуу процессинин башталганын билдирди.

Министр Шойгу, журналисттердин аскерлерди чыгаруу ишинин канчага созулаары жөнүндөгү суроосуна: «Абалга жараша болот»,-деп жооп берди.

Шойгу Сириядан чыгып кеткен биринчи аскердик топтун эми Орусиядагы базага кайтканын да айтты.

Орусиянын президенти Владимир Путин, кечээ күтүлбөгөн сапар жасаган Сирияда бул өлкөдөгү аскердик бөлүктөрүнө «өлкөдөн жарым-жартылай чыгуу» буйругун берген болчу.

 



Тектеш кабарлар