Конгодо БУУнун тынчтык күчүнө кол салуу болду

Түндүк Кивуда үстөмдүк курууга аракет кылган согушкерлердин БУУнун тынчтык күчүнө карай кол салуусунда 14 тынчтык күчү жана 5 Конго аскери каза тапты.

865728
Конгодо БУУнун тынчтык күчүнө кол салуу болду

Африка өлкөсү Конгонун кен байлыкка бай аймагы Түндүк Кивуда үстөмдүк курууга аракет кылган согушкерлердин БУУнун тынчтык күчүнө карай кол салуусунда 14 тынчтык күчү жана 5 Конго аскери каза тапты, 53 тынчтык күчү аскери да жаракат алды.

Түндүк Кивуда жайгашкан Моуско тынчтык күчүнүн согушкерлердин кол салуусуна дуушар болушу менен 4 саатка созулган ок атышуу болду.

Кол салууга дуушар болгон бөлүктүн көпчүлүгү Танзания аскерлеринен турган.

Тынчтык күчү «кол салгычтарды кармап сот алдына чыгаруу үчүн колунан келгенин жасай турганын» жарыялады.

Аймакка кошумча бөлүктөр жөнөтүлдү.

БУУнун Баш катчысы Антонио Гутерриш, мунун БУУнун жакынкы тарыхында тынчтык күчүнө карай эң кандуу кол салуу болгонун жана глобалдык тынчтыкка салым кошуу үчүн аскер берген өлкөлөрдүн канчалык берилгендик көрсөткөндөрүнүн белгиси болгонун айтты.

Гутерриш айрыкча Танзанияга көңүл айтты.

БУУнун тынчтык күчүнүн операциясы боюнча жооптуу Баш катчынын орун басары Жан-Пьер Лакруа, кол салууга ызы болгонун Твиттерден бөлүштү.



Тектеш кабарлар