Афганстанда мечитке кол салуу жасалды
Кол салууда мечиттин имамы каза болду.
864501
![Афганстанда мечитке кол салуу жасалды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4e1a/cf0e/fdb6/59f5e08dd0d9c.jpg?time=1718872632)
Афганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясынын Маманд Дара районундагы бир мечитте жума намазында жасалган бомбалуу кол салууда мечиттин имамы каза тапты. Нангархар губернаторлугунун катчысы Атауллах Хогяни райондун Назар Нав аймагындагы мечитке жайгаштырылган бомбанын жума намазы учурунда жардырылгандыгын айтты.
Кол салууда мечиттин имамынын каза болгондугун белгилеген Хогяни 8 кишинин да жаралангандыгын белгиледи. Кол салууну моюнга алган болгон жок.