БУУдан Түндүк Кореяга сапар жасалды

Бириккен Улуттар Уюмунун саясий иштер боюнча башкы катчынын орун басары Жеффри Фельтман, Түндүк Кореяда жолугушууларды өткөрүүдө.

863473
БУУдан Түндүк Кореяга сапар жасалды

БУУдан Түндүк Кореяга 6 жылдык мөөнөттөн кийин сапар жасалды.

Бириккен Улуттар Уюмунун саясий иштер боюнча башкы катчынын орун басары Жеффри Фельтман, Түндүк Кореяда жолугушууларды өткөрүүдө.

Түндүк Кореянын маалымат агенттиги KCNAнын кабарына караганда Фельтман, Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ри Йонг Хо менен жолукту.

Жолугушууда БУУнун Түндүк Кореядагы операциялары жана жардамдары менен катар «орток санаага салган башка темалар» күн тартипке келди.

Пхеньянга шейшемби күнү барган, АКШнын Мамлекеттик департамантинин мурдагы жооптуу кызматкери болгон Жеффри Фельтмандын сапарынын 4-5 күнгө созулушу күтүлүүдө.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушуусу күтүлбөгөн Фельтман, 6 жылдык мөөнөттөн кийин Түндүк Кореяга сапар жасаган БУУнун жооптуу кызматкери болду.

Түндүк Кореяда БУУнун 6 мекемесинин орто эсеп менен 50 кызматкери бар.



Тектеш кабарлар