Дмитрий Песков АКШнын Иерусалим кадамынан тынчсызданышкандарын билдирди

Песков Иерусалимдин статусу тууралуу акыркы абалдарды «баш – аламан» деп мүнөздөдү.

862682
Дмитрий Песков АКШнын Иерусалим кадамынан тынчсызданышкандарын билдирди

Орусиянын президенттик сарайы Кремлдин катчысы Дмитрий Песков АКШны Иерусалимди  Израилдин борбор шаары катары таануу кадамын таштай турган болсо аймакта абалдын дагы да баш  - аламан абалга келишинен тынчсызданып жатышкандарын белгиледи.

Иерусалимдин статусу тууралуу акыркы абалдарды «баш – аламан» деп мүнөздөгөн Песков Орусиянын президенти Путин менен Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббастын кечээ Иерусалим менен байланыштуу акыркы мезгилде болуп жаткан абалдарды карап чыгышкандарын эске салды. Песков азырынча расмий кулактандыруусу болбогон бир чечим боюнча дагы көп маалымат берүүнү каалашпагандарын сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар