Түндүк Корея менен согуш ыктымалдуулугу артууда

АКШнын президенти Дональд Трмаптын улуттук коопсуздук кеңешчиси Герберт Макмастер,АКШнын Калифорния штатындагы Рейган улуттук коргоо форумунда сөз сүйлөдү.

860607
Түндүк Корея менен согуш ыктымалдуулугу артууда

АКШнын президенти Дональд Трмаптын улуттук коопсуздук кеңешчиси Герберт Макмастер, Түндүк Корея менен согушка кирүү ыктымалынын күн өткөн сайын дагы да артканын жактады.

АКШнын Калифорния штатындагы Рейган улуттук коргоо форумунда сөз сүйлөгөн Герберт Макмастер, Түндүк Кореянын шейшемби күнкү акыркы ракета сыноосунун согуш ыктымалдуулугун арттырып арттырбаганы суроосуна мындай жооп берди: «Менимче бул ыктымал күн өткөн сайын артууда. Бул да бир жарыштын ичиндебиз деген түшүнүктү берет. Чындап эле бул маселени чече алыш үчүн жарышуудабыз».

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ар бир ракеталык сыноосу менен ядролук көлөмүн арттырганын жактаган Макмастер: «Бул маселени куралдуу кагылышуулардын тышында чечүүнүн жолдору бар, бирок бул жарыш жана Ким бутага барган сайын жакындап баратат. Көп убакыт калган жок»,-деп айтты.

Бул жерден Кытайга да шилтеме кылган Герберт Макмастер, Түндүк Кореяга мунай зат экспортунун токтотулушу темасында Кытайдын бир жактуу түрдө кадам ташташы керектигин айтты.

Герберт Макмастер: «Күйүүчү отунуң болбостон ракета учура албайсын»,-деп айтты.

Макмастер, бул жагынан алганда өзүнүн дагы, Трамптын дагы «жүз пайыз эмбаргонун ылайыктуу тактика болгонун ойлогондорун» айтып кетти.



Тектеш кабарлар