Түштүк Кореяда кеме менен яхта кагылышты

Түштүк Кореяда балыкчы яхтасы менен май ташуучу кеменин кагылыша кетишинин себебинен 13 киши каза тапты.

860244
Түштүк Кореяда кеме менен яхта кагылышты

Түштүк Кореяда балыкчы яхтасы менен май ташуучу кеменин кагылыша кетишинин себебинен 13 киши каза тапты, 2 кишиден дайын жок.

Йонхап маалымат агенттигинин маалыматына караганда, Түштүк Кореянын Жээк коопсуздугунун жарыясында Инчеон шаарына жакын жерде 9,8 тонналык балыкчы яхтасынын 336 тонналык май ташуучу кеме менен кагылыша кетип оодарылганы билдирилди.

Аты айтылбаган Жээк коопсуздугунун кызматкери кырсык болгон учурда яхтада экөө эпипаждан турган бардыгы 22 киши болгонун жарыялады.

Оодарылып кеткен яхтадан 7 кишинин куткарылганын, 13 кишинин каза болгонун айткан жооптуу кызматкер, дайыны чыкпай жаткан 2 кишиден бирөөнүн яхтанын капитаны экенин билдирди.

Окуя тууралуу маалымат алган Мамлекет башчысы Мун Чжэ Ин, жоголгон кишилердин табылышы үчүн издөө-куткаруу операцияларынын баштатылышы боюнча буйрук берди.

Издөө иштерине 14 кеме менен катар 4 тик учар катышууда.

Жооптуу кызматкерлер кагылышуунун себебин билиш үчүн май ташуучу кеменин экипажын суракка алды.

 



Тектеш кабарлар