Корея жарым аралында согуш чыгып кетсе алгачкы буталар Япония менен Түштүк Корея болот

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров,Беларусь борборлуу STV телеканалына маалымат берди.

860396
Корея жарым аралында согуш чыгып кетсе алгачкы буталар Япония менен Түштүк Корея болот

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Корея жарым аралында согуш чыгып кетсе алгачкы буталар Япония менен Түштүк Корея боло турганын айтты.

Беларусь борборлуу STV телеканалына маалымат берген Лавров, Пхеньяндын ракета жана ядролук сыноолорун сындап жатып, америкалык кесиптештеринин провакациялык мүнөздөгү мамилелерин сындабай кое албай турганын айтты.

Лавров: «Тилекке каршы өздөрү (АКШлык жооптуу жетекчилер) бир тарапка Япония жана Түштүк Кореяны тартууга аракет ылып жатышат. Бул өлкөлөр Корея жарым аралында согуш чыгып кетсе тилекке каршы алгачкы атылган өлкөлөр болушат»,-деп айтты.

Лавров, Орусиянын БУУнун коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореяга киргизген жана Пхеньяндын экспорт-импорт мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу түрдө чектеген санкцияларды ишке ашырганын белгиледи.

 «Корея жарым аралындагы абалдын Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмун (ЖККУ) санааркатып жатабы? деген суроосуна болсо Орус дипломат, «Түндүк Кореянын ядролук куралга ээ болуу талаптарын кабыл ала албайбыз. ЖККУга мүчө болгон бардык өлкөлөр БУУнун коопсуздук кеңешинин токтомун колдоого алууда»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар