Түндүк Корея Вашингтонду атып жиберсе эмне болот?

«National Interest» (NI) журналы АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда ядролук согуш башталган учурунда боло турган сценарийлерди окурмандары менен бөлүшүүсүн улантууда.

859568
Түндүк Корея Вашингтонду атып жиберсе эмне болот?

Американын «National Interest» (NI) журналы Түндүк Кореянын АКШнын борбор шаары Вашингтонду аткан учурунда 413 миң киши өлө турганын жазып чыкты.

«National Interest» (NI) журналы АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда ядролук согуш башталган учурунда боло турган сценарийлерди окурмандары менен бөлүшүүсүн улантууда.

Мындан мурда Лос Анжелестин 250 килотонналык ядролук бомба менен атылганы сценраийинин үстүндө турган «National Interest» (NI) журналынын жазучусу Дэниел Р. ДеПетрис, Пхеньяндын 2 күн мурдагы ракета сыноосунан кийин бул ирет ошондой эле чоңдуктагы ядролук бомба менен Вашингтондун бутага алынганын божомолдоду.

Дэниел Р. ДеПетриске караганда сценарийдин ишке ашкан учурунда борбор шаардагы 413 миң киши өмүрүнөн ажырайт, 527 миң киши жараланат.

Кол салган учурунда Ак үй, Вашингтон эстелиги, Эл аралык тыңчылык музейи жана Конгресс имараттары сыяктуу имараттар да орун алган көп сандаган имараттын кулай турганын көздөгөн Дэниел Р. ДеПетрис: «Адистерге караганда баш калаанын борборундагы адамдардын тирүү калуу мүмкүнчүлүгү болбойт»,-деп айтты.

Дэниел Р. ДеПетрис, макаласынын акырында Түндүк Кореянын ядролук программасын, ядролук согушта алгачкы кадамды таштаган тарап болгону үчүн эмес, АКШны аскердик операциядан баш тарттыруу жана жерлеринде режим өзгөрүүсүнүн жасалышынын алдын алуу үчүн өнүктүргөнүн баса белгиледи.



Тектеш кабарлар