Шри-Ланкада катуу шамал жана нөшөрлөп жааган жамгырлар

Издөө-куткаруу иштери уланып жатат

858246
Шри-Ланкада катуу шамал жана нөшөрлөп жааган жамгырлар

Шри-Ланкада нөшөрлөп жааган жамгыр жана шамалдын себебинен кеминде 4 киши каза болуп, дайынсыз жоголгон 23 киши изделип жатат.

Курч кырдаалды башкаруу борборунун билдирүүсүндө, издөө-куткаруу тобунун иштеринин уланганы белгиленди.

Өлкөдө май айындагы катуу жамгырлар себепчи болгон селдерден 200 киши каза тапкан болчу.


Этикеткалар: #Шри-Ланкада , #шамалдын

Тектеш кабарлар