Түндүк Корея Японияны атып сала жаздады...

Түндүк Кореянын борбордук телеканалы, «Hwasong-15» аттуу континенттер аралык балллистикалык ракетанын учурлганын маалымдады.

857239
Түндүк Корея Японияны атып сала жаздады...

Түндүк Корея, континенттер аралык ракета сыноосунун ийгиликтүү болгонун жарыялады.

Түндүк Кореянын борбордук телеканалы, «Hwasong-15» аттуу континенттер аралык балллистикалык ракетанын учурлганын маалымдады.

«Өлкө лидери Ким Чен Ындын буйругу менен аткарылган сыноонун ийгиликтүү болгону» белгиленген маалыматта, «бул ракетанын Американын территориясын ата алгыдай өлчөмдө болгону» айтылды.

АКШнын Коргоо министрлиги Пентагон, Түндүк Кореянын ракета сынаганын тастыктады.

Коргоо министри Жеймс Маттис, учурулган ракетанын ушул убакка дейре эң жогорку бийиктикке учурулган ракета болгонун белгилеп кетти.

Пентагондун катчысы, полковник Роб Маннинг, ракетанын миң км учкандан кийин япон деңизине мындайча айтканда Япониянын деңиз территориясындагы аймакка түшкөнүн айткан.

Түндүк Кореянын акыркы ракеталык сыноосу боюнча тийиштүү кадамдарды таштай тургандарын билдирген АКШнын президенти Дональд Трамп: «Муну менен алектенебиз. Бул, биз карап талкуулай турган абал»,-деп айтты.

Япон кабинети болсо акыркы кырдаалды карап чыгыш үчүн кезексиз чогулуш өткөрүүдө.



Тектеш кабарлар