Египетте коопсуздук күчтөрү менен куралдуу кишилердин арасында кагылышуу чыкты

Кагылышууда 11 киши каза болуп, 9 киши камоого алынды.

857480
Египетте коопсуздук күчтөрү менен куралдуу кишилердин арасында кагылышуу чыкты

Египеттин түндүк – чыгышындагы Исмаилиййе районунда коопсуздук күчтөрү менен куралдуу кишилердин арасында чыккан кагылышууда 11 киши каза болуп, 9 киши камоого алынды.

Египетттин ички иштер министрлигинен берилген маалыматта коопсуздук күчтөрүнүн Исмаилиййе облусунун Жилбане аймагында куралдуу кишилердин жайгашкандыгы жана машыктыруу аянты катары колдонулган жерге операция жүргүзүлгөндүгү белгиленди.

Операция учурунда чыккан кагылышууда 11 кишинин өлтүрүлгөндүгү, 9 кишинин камоого алынгандыгы белгиленген маалыматта коопсуздук күчтөрүнөн каза болгон же жаралангандардын болуп же болбогондугу  тууралуу маалымат берилген жок. Египет армиясы кечээ Түндүк Сина облусунда жүргүзгөн операцияда куралдуу 3 кишинин каза болгондугун, 5 кишинин камоого алынгандыгын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар