Түндүк Корея жаңы ракетасын сынаганы турабы?

Рейтерс маалымат агенттиги адаттан тышкары сигналдардын япон өкмөтүн дүрбөлөңгө түшүргөнүн жана ракета сыноосунун бир канча күндүн ичинде күтүлгөнүн билдирген.

856884
Түндүк Корея жаңы ракетасын сынаганы турабы?

Япония, Түндүк Кореянын жаңы баллистикалык ракета сыноого даярданып жатканын көрсөткөн радио сигналдарды белгилегенин жарыялады.

Рейтерс маалымат агенттиги адаттан тышкары сигналдардын япон өкмөтүн дүрбөлөңгө түшүргөнүн жана ракета сыноосунун бир канча күндүн ичинде күтүлгөнүн билдирген.

Спутник көрүнүштөрү Түндүк Кореяда азырынча жаңы кыймыл болгонун көрсөткөн жери жок.

Башка бир сценарий болсо кармалган сигналдардын аскердик машыгуудан келүү ыктымалынын болгону туурасында...

Түндүк Корея акыркы ракета сыноосун сентябрь айынын ортосунда аткарган.

Түштүк Кореянын биригүү боюнча министри Чо Мён-Гьон болсо, Сеулда журналисттерге берген маалыматында Түндүк Кореянын ядролук программасынын бир жылдын ичинде бүтүрүлө турганын айтты.

Чо Мён-Гьон: «Адистер эки-үч жыл ала турганын айтууда, бирок күтүлгөндөн ылдам өнүгүүдө. Пхеньяндын ядролук программасынын бир жылдын ичинде бүтүргөнүн жарыялоо ыктымалдуулугун көз жаздымда калтыра албайбыз»,-деди.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, үстүбүздөгү жылдын ичинде 20дан ашык ракета сыноосун кылып дүйнө жүзүнө коркунуч туудурду.

Ким Чен Ын, Алгачкы материктер аралык баллистикалык ракетасын июль айында учуруп, сентябрь айында аткан экинчи материктер аралык баллистикалык ракетасы 3700 км аралыкка жетип Япониянын үстүнөн өттү жана Тынч океанга түштү.

Сентябрь айынын башында сыналган суутек бомбасы болсо аймакта 6,3 баллдык жер титирөөгө себепчи болду.

БУУ мурдагы санкцияларына быйыл жаңыларын кошсо да Ким Чен Ын ракета өнүктүрүүдөн баш тарткан жок.



Тектеш кабарлар