Путин химиялык куралдарды жок кылууга чакырды

Орусиянын президенти В. Путин бардык мамлекеттерди химиялык куралдарды жок кылууга чакырды.

856925
Путин химиялык куралдарды жок кылууга  чакырды

Орусиянын президенти В. Путин бардык мамлекеттерди химиялык куралдарды жок кылууга чакырды. Путин Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмунун мүчөсү болон мамлекеттердин Японияда болуп жаткан 22 -  жыйынына жиберген билдирүүсүндө : «Химиялык куралы бар бардык мамлекеттерди аткарганыбызды үлгү катары колдонуу менен химиялык куралдарды болушунча кыска убакытта жок кылуу үчүн колунан келгенди аткарууга, химиялык куралдарга тыюу салуу келишимине азырынча кошула элек өлкөлөрдү да буга эң кыска убакта кошулууга чакырамын»,- деди. Орусиянын акыркы химиялык ок  - дарыларынын 27 -  сентябрда жок кылынгандыгын эске салган орус лидер : «Бул  абал дагы ишенимдүү жана ырааттуу тынчтык тууралуу маанилүү бир кадам болду. Катуу саясий эрктин саясында химиялык куралдардан тазаланган дүйнөнүн курулушун күткөн орток максатыбызга жетерин ойлоп жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар