НАСАга таандык саат 28 жылдан кийин табылды

Кол саат 1989-жылы уурдалып кеткен болчу

856604
НАСАга таандык саат 28 жылдан кийин табылды

Американын космостук агенттигинин (НАСА) Аполлон-7 миссиясынын астронавтарынан Донн Эйзеле колдонгон жоголуп кеткен кол саат 28 жылдан кийин табылды.

Омега компаниясы НАСАнын астронавттарынын космосто колдонуулары үчүн атайын иштеп чыккан Speedmaster Professional моделиндеги саат, НАСАнын космостук программаларына таандык эстелик буюмдарынан айрымдары убактылуу түрдө берилген Эквадордогу Аскердик география институтунун музейинен 1989-жылы уурдалып кеткен болчу.

Сааттын сентябрь айында бир аукцион сайтында сатууга коюлганы аныкталып, андан соң АКШнын Федералдык териштирүү кызматы саатты алып Вашингтондогу Смитсоновский музейине тапшырган болчу.

Эйзеле бул саатты Айдын орбитасына биринчилерден болуп барган космостук миссия болгон Аполлон-7нин 1968-жылдын октябрь айындагы сапарында колдонгон болчу.

Ал эми 1969-жылы Айдын бетине биринчи болуп аяк баскан Аполлон-11 миссиясы убагында Айда баскан экинчи адам болгон Базз Олдрин колдонгон ушундай эле бренд жана үлгүдөгү саат дагы деле табыла элек.

Базз Олдриндин сааты 1970-жылы Смитсоновский музейине алынып бара жатканда жолдо уурдалып кеткен болчу.



Тектеш кабарлар