Түштүк Корея Түндүк Кореяны эскертти

Түштүк Кореянын коргоо министри Сун Юнг-Му, «чек арадагы аскерлерден тазаланган аймакта» иликтөөлөрдү жүргүздү.

855987
Түштүк Корея Түндүк Кореяны эскертти

Түштүк Корея, Түндүк Кореяга ок атышпоо келишимин экинчи бузбоо чакырыгын салды.

Түндүк Кореялык бир аскердин 13-Ноябрда чек арадан ашып өтүп Түштүк Кореяга качуусунан кийин Түштүк Кореянын коргоо министри Сун Юнг-Му, «чек арадагы аскерлерден тазаланган аймакта» иликтөөлөрдү жүргүздү.

Окуя болгон «Панмунжом ок атышпоо айылына барган Сун, окуя болгон убакта болгондордун 1950-1953-жылдар аралыгындагы Корея согушунун артынан кол коюлган ок атышпоо келишиминин бузулушу болгонун белгилеп, бул бузуулардын кайталанбоосу боюнча эскертти.

Сун: «Түштүккө качкан бир адамга карай ок атуу ок атышпоо келишиминин бузулганы. Аскердик чек ара сызыгынан да өтүү, бузуу болуп саналат. Ок атышпоо айылында автомат көтөрүп жүрүү башка бир бузуу. Түндүк Корея мындай окуянын кайра кайталанбоосу темасында маалыматтандырылышы керек»,-деди.

Андан соң аскерлер менен түштөнгөн министр Сонг, түштүк кореялык жана америкалык аскерлерди окуя болгон учурда «ылдам жана ылакыктуу» мамиле кылгандары үчүн мактады.

Кореядагы АКШнын күчтөрү да өткөн аптада түндүк кореялык аскердин куткарылышында ойногон роулунун себебинен 3 америкалык, 3 түштүк кореялык аскерге сыйлык берген.

Түштүк Кореянын бир гана фамиялиясын «Ох» деп айткан түндүк кореялык аскер чек арадан мурда бир джип машина менен качууну сынаган, жип аңга такалганда жөө качып чек арадан өтүгө аракет кылган.

Түндүк Кореялык аскерлер болсо Охко ок атып, бул учурда Түндүк Кореялык аскерлерден бирөө чек ара сызыгынан өтүп кетип кыска убактан кийин кайткан.

Окуя, аймакта орун алган БУУга таандык коопсуздук камералары тарабынан дароо көрсөтүлүп, бир канча жолу атылган жаралуу аскер болсо ооруканага жаткырылып, ден-соолук абалы мурдагыдай туруктуу экени жарыяланган.



Тектеш кабарлар