Түндүк Корея АКШга атомдук бомба учурса...

Ядролук согуш коркунучунун сценарийи

856068
Түндүк Корея АКШга атомдук бомба учурса...

Американын «National Interest» журналы, АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда ядролук согуш коркунучунун сценарийин иштеп чыкты.

Журнал Пхеньяндын Лос-Анжелеске 250 килотонналык атомдук бомба учурса кандай болоорун талдап берди.

Журналдын автору Дэниел Р. ДеПетристин айтымына караганда 250 килотонналык атомдук бомба Лос-Анжелеске тийген учурда мега шаарда жашаган 378 миң киши каза болот. 850 миң киши да жаракат алат.

Жалпы 1,2 милилондон ашуун киши бомбадан терс таасирленет.

Бул сан АКШ армиясынын Экинчи Дүйнөлүк согуштагы зыян тартуусунан 2,5 эсе көп болот.

Ядролук бомба түшкөн жердин 5 километр айланасындагы бардык имараттар болсо урап калат жана бул жердеги кишилердин аман калуу мүмкүнчүлүгү өтө аз болот.

11-сентябрь кол салуусунан кийин АКШнын жүргүзгөн саясатын эске салган ДеПетрис, Вашингтон башкаруучулугунун маанилүү шаардын жок болушуна кандай жооп кайтара турганынын окурмандардын кыялдануусуна калтырылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар