Кытай менен Түндүк Кореяны кошкон көпүрө жабылды

Адистер, көпүрөнүн оңдоп түзөөгө алынышынын Түндүк Кореяны экономикалык жактын кыйын абалга түшүрө турганын айтууда.

855383
Кытай менен Түндүк Кореяны кошкон көпүрө жабылды

Түндүк Кореянын эң жакын шериктеши катары билинген Кытай, эки өлкөнүн ортосундагы «Достук көпүрөсүнүн» оңдоп түздөө себеби менен жабылганын жарыялады.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Гэн Шуан, Кытайдын Дандонг шаарын Түндүк Кореяга кошкон Йалу дарыясындагы «Кытай-Түндүк Корея достук көпүрөсүнүн» убактылуу жабылганын билдирди.

Көпүрөнүн кайрадан качан иштей баштай турганы жөнүндө болсо маалымат берилген жок. Кытай менен Түндүк Кореянын ортосундагы көпүрө, эки өлкөнүн соода карым-катнаштарында маанилүү роль ойнойт.

Адистер, көпүрөнүн оңдоп түзөөгө алынышынын Түндүк Кореяны экономикалык жактын кыйын абалга түшүрө турганын айтууда.

Өткөн аптада да «Air China» талап аз болгондугун себеп көрсөтүп Пхеньянга каттамдар токтотулганын жарыялаган.

Түндүк Кореянын эң чоң шериктеши болгон Кытайдын бул эки кыймылы Пхеньян бийлигин жалгыз калтыра турганынын белгиси түрүндө сереп салынууда.



Тектеш кабарлар