Йеменде холерадан 2 миң 218 киши каза тапты

3 миллион кишинин  ичүүгө боло турган таза суу кыйынчылыгы жана таштандылардын чогултулбашынан улам холера менен ооруп калуу коркунучу артууда.

855546
Йеменде холерадан 2 миң 218 киши каза тапты

Йемендеги холера эпидемиясынан 27 -  апрелден бери каза болгондордун саны 2 миң 218ге жеткендиги билдирилди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта эпидемия ортого чыккан 27 -  апрелден бери жалпы өлкөдө 955 миң 516 оору менен шектелген кишинин бар экендиги жана эпидемиядан улам 2 миң 218 кишинин каза болгондугу билдирилди.

Холеранын Йемендеги 22 аймактан 21не жайылгандыгы, эпидемия болбогон бир гана аймактын аралдардан турган Сокотра экендиги билдирилген маалыматта эпидемия эң көп кездешкен облустун 138 миңден ашуун оорулуу менен Худейде экендиги белгиленди.

Йеменде узун убакыттан бери улантылып келе жаткан кагылышуулардан улам өлкө ичинде жер которгон 3 миллион кишинин  ичүүгө боло турган таза суу кыйынчылыгы жана таштандылардын чогултулбашынан улам холера менен ооруп калуу коркунучу артууда.



Тектеш кабарлар